Кечээ 25-октябрда Ысык-Көл облусунан 2 жаран баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 25-октябрда милиция кызматкерлери атайын өткөрүлгөн “Транзит” операциясынын алкагында Түп районунун Ичке-Суу айылынын 44 жаштагы Н.Т аттуу тургунун текшерүүгө алганда анын жанынан ширеңкенин кутучасына салынган 10 даана, жалпы салмагы 600 грамм болгон гашиш табышкан.
Ошол эле күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы Кудургу айылынын жанынан “Mercedes Benz” унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда 41 жаштагы Ош шаарынын тургуну Т.Б нын жанынан 60 грамм гашиш табылган.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип тергөө амалдары жатат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ