Menu

Ысык-Көлдө бензин чачып, өрттөгөн күйөөсүн аялы кечирди

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген жабырлануучу аял жолдошун кечирип, ага арыз-доосу жок экенин айтты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 7-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, жабырлануучу аял милиция бөлүмүнө тосмо арыз менен кайрылып, күйөөсүн кечиргенин айткан.

“Бирок, кылмыш иши жабылбайт. Анткени жабырлануучуунун күйөөсү оор кылмышка шектелүүдө. Тергөө өндүрүшү уланып, сотко чейин жетет”  – деп айтылат билдирүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-январында Караколдун 35 жаштагы тургуну 33 жаштагы аялына бензин чачып, өрттөп жиберген. Аялдын денесинин 5-6 пайызы күйүп калган, тагырагы, бети, эки колу, саны жана курсагы күйүп кеткен.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: