Menu

Фото – Окумуштуулар археологдор тапкан аялдын мумиялашкан сөөгү IX-X кылымдагы Кыргыз каганатына таандык экенин далилдешти

Бөлүшүү:

Былтыр археологдор Батыш Монголиянын Борт багийн Үзүүрт гялан тоолорундагы эски тарыхый урандылардан казып алган аялдын кургап мумиялашкан сөөгү IX-X кылымдагы Кыргыз каганаты доруна таандык экенин окумуштуулар далилдешти.

Кийизге оролуп көмүлгөн аялдын сөөгү менен кошо табылган буюмдардан 9 үлгүнү алышкан түрк жана монгол изилдөөчүлөрү  АКШга анализге жөнөтүшкөн. Окумуштуулар анализдин жыйынтыгы боюнча сөөк IX-X кылымдагы Кыргыз каганаты доруна таандык деген корутунду чыгарышкан.

Археологдор андан башка да ал казууларда аттын ээрин, жүгөнүн, карапа идиш, тепши, жыгач табак, темир казан, аттын бүтүн калган сөөгү, жаздыктар, койдун бүтүн башы,  койдун аркасы толугу менен салынган кийиз баштык, эчкинин сөөктөрү жана идиш-аяк үчүн териден жасалган баштыкты табышкан.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча табылган  мумия сөөк ак сөөктөргө эмес,  жөнөкөй карапайым аялга таандык. Анткени анын кийген кийимдеринде ошол мезгилде ак сөөк аялдар кийинчү жибектен жасалган кийимдер жок. Аялдын бутуна кийген кийими азыркы “Адидас” фирмасы тиккен спорттук бут кийимдерге бир аз окшошуп кеткендиктен социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.  Бирок окумуштуулар аялдын бут кийими ошол доордогу түрк элдеринин бут кийимдерине таандык экенин айтышып, “Адидас” фирмасына эч тиешеси жоктугун жарыялашкан.

Бул жаңы табылган эстеликтердин баары азыр Улан-Батор шаарындагы Маданият борборуна алып келинген. 18-февралдан тартып, Монголиянын Улуттук музейинде элге көрсөтүлө баштайт.

Маалымат:   IX кылымда, ошол кездеги түрк урууларынын эң ирилеринин бири болгон Кыргыздар Энесайдан тартып Чыгыш Түркстанга (азыркы Кытайдын Уйгур-Синцзиян автономдук району) чейин,  Иртыштан (Сибирь) Керуленге (Монголия) чейин керилген чоң мамлекет түзүшүп, Кыргыз каганаты деп аташкан. Ал кезде кыргыздар өздөрү Жунгарияда жана Алтайдан түштүккө карай азыркы Монголиянын түндүк-батышында жайгашкан.

Орусчадан которгон: Кyrgyztoday. kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: