Menu

Камчыбек Жолдошбаев, депутаты: “Накта жеп-ичкен жигит Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар тууралуу айткым деле келбейт”

Бөлүшүү:

— Камчыбек байке, өткөн жумада ТЭЦ боюнча жооп берип жаткандарды жегичтер, ичкичтер деп сындап койдуңуз эле, “Биз акпыз, коррупционер эмеспиз” деп жарылып кете жаздашты го?

— Буларың акпыз, тазабыз деп актангандан башка сөз айта алышпай калды да. Жөн эле актанып жатышат. Акпыз деп жаткандар кыргыз элинин алдында абдан күнөөлүү. Депутаттар Тажикстанда, Казакстанда ТЭЦ үчүн канча акча кеткени жөнүндө конкреттүү айтып беришпедиби. Булар кызматка барып алышып, элдин көзүн боёп, элдин үстүнөн акча жеген. Жөн кутулбастан, жегенин толук кусушу керек. Ар кайсыны айтып актангандын кереги жок. Азыр укук коргоо органдары өйдө-төмөн кылып атышат. Мыйзамды бузушканын кантип жашырышат? Кыргыз эли кимдин ким экенин көрдү. Бир уюнун сүтүн 17–18 сомдон сатып, балдарына нан алып берип, жан багып жаткан эл бар. Ошондой карапайым элдин үстүнөн акча жеген буларың өлсөчү. Ит эле болушту. Жегичтер, ичкичтер десем чычалап, жарылып кете жаздашты. 386 млн доллар пайызы менен 500 млн долларга жакын акча болот. Ошол акчанын дайынын таппай жатышса, булар жегичтер, ичкичтер эмей ким? Буларга акчаны жок кылдыңар деп орден берелиби? Жакшы адамдар эмес.

— Жантөрө Сатыбалдиев деле депутаттарды базардан келишкен деп туура эле айтты окшойт го. Сиздин деле базарыңыз бар эмеспи?

— Накта жеп, ичкен жигит Жантөрө Сатыбалдиев. Сүйлөп жатканда оозу кыйшайып кетет. Андай кылбашы керек да. Муну баары бир органдар илет. Аныкы биринчи эле жолу эмес да. Жалал-Абад, Ош өрттөнгөндө, аны калыбына келтирүү үчүн каралган 12 млрд сомдун 4 млрд сомунун дайыны жок. Мен тигинткем, минткем деп сармерденди эле айтат. Андай болбойт да. Бишкек-Ош жолун салган. Эми бизде жолдордун баарында махинация бар да. Калыңдыгы 12 см болсо, 11 см кылып койсо жетет тура. Сапар тууралуу айтыштын деле кереги жок го. Айткым да келбейт ал жөнүндө.

Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: