Menu

Сооронбай Жээнбеков, президент: “Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга багытталат деп ишенем”

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-ноябрь — телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерди майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк жашообуздан бекем орун алды.

Сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар.

Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга багытталат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»,-деди президент С.Жээнбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: