Menu

Түркмөнстанда Сапармурад Ниязовдун музейи ачылды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын алгачкы президентин эскерүү күнүнө карата 21-декабрда Сапармурад Ниязовдун музейи ачылды. Салтанаттуу иш-чарага мамлекет жетекчиси Гурбангулы Бердымухамедов баш болгон өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана Ашхабад жашоочулары катышты.

Гурбангулы Бердымухамедов музейдин ачылыш аземинде сүйлөп жатып, өлкөдө Ниязовду эскерип турушарын айтты. Бирок ал өз сөзүндө биринчи президенттин расмий түрдөгү “Түркмөнбашы” жана “Улуу” наамдарын колдонгон жок. Сапармурад Ниязовдун бул титулдарын Түркмөнстандын расмий ММКлары дагы бир нече жылдардан бери кеп кылышпайт.

Ниязов өлгөндөн кийин анын бардык эстеликтери, анын ичинде 83 метрлик Түркмөнбашынын алтын айкели борбор калаанын четине көчүрүлгөн. Биринчи президенттин ысымын алып жүргөн калктуу конуштардын аттары өзгөртүлгөн.

Сапармурат Ниязов Түркмөнстанды 1985-жылдан 2006-жылга чейин башкарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: