Menu

Эсеп палатасы эки миллиардды кустурду. Чыныгы “баатыр” Мариповбу?

Бөлүшүү:

Жогору жактан көзөмөл катуу болуп жаткандын жыйынтыгы, айтор, маморгандар түзүк иштей баштады. Маселен, Эсеп палатасы миллиарддаган сомдук мыйзам бузууну таап, былтыр бир жыл ичинде, тактап айтканда 2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгында 2 миллиард 321 миллион сомдук каржылык алешемдикти аныктаган. Анын ичинен 1 миллиард 621 миллион сомдун орду толтурулуп, 1 миллиард 405 миллион сом кайра ордуна коюлду. Эске салсак, былтыр мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2425 мекеменин, иши текшерилип, мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 миллиард 236 миллион сомду түзгөн. Анын 1 миллиард 791 миллиону кайра кайтарылууга тийиш.

Айтмакчы, Эсеп палатасынын бул көрсөткүчүн жетекчи Улугбек Мариповдун «ийгилиги» катары баалагандар бар экен. Марипов кыйын болсо, жаңы келгенде эле жыйынтык көрсөтпөйт беле? Жогору жактан сөөмөй кезелгенден кийин кыймылдаган Мариповду баатыр кылыштын кандай кажети бар? Ии, баса Улугбек Марипов бир учурда Алмазбек Атамбаевдин жеке жардамчысы болуп, экс-ажонун колдоосу менен кызматтан-кызматка көтөрүлдү эле. Азыр экс-президенттин абалын сураганга жарады бекен?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: