Menu

“Санжыра” радиосу обого чыкпай калды

Бөлүшүү:

“Санжыра” радиосу 1-ноябрдан тартып эфирге чыкпай калды. Буга аталган радионун лицензия мөөнөтү узартылбаганы себеп болгонун Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Байланыш агенттигинин лицензия бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Адырбекова билдирди:

– Лицензияны узартуу боюнча эч кандай кайрылуу болгон эмес. Ошондуктан агенттиктин буйругу менен 1-ноябрдан тартып “Санжыранын” берүүлөрү токтотулду.

“Санжыра” радиосу саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык НТС каналына карайт. Канал кызматкерлери да эфирдин токтотулушуна лицензия өз убагында узартылбаганы себеп болгонун айтып, маселени чечиш үчүн Байланыш комитетине кат жиберилгенин билдиришти .

Аталган радио 2011-жылдан тарта обого чыгат. Негизинен улуттук ыр-күүлөр, нарк-насилдер тууралуу берүүлөрдү уктурган. Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Өмүрбек Бабановдун билдирүүлөрүн, саясий талкууларды жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: