Бүгүн, 25-марттан баштап Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына, Бишкек шаарына, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондоруна өзгөчө абал режими киргизилгени тууралуу токтом кабыл алынды. Бул кырдаал тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшембиевжыйын өткөрдү.
“Учурда коронавирус катталган аймактардын катарында Кара-Суу району жок болсо да, ал жакка өзгөчө абал киргизилди. Анткени Кара-Суу району калкы жыш аймак болгондуктан (4 жарым миң киши жашайт) коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында ушундай чечимге келдик”, – деп билдирди Дүйшембиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ