Бүгүн, 23-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 75 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 56, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 12, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 537 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 51 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 274кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 27, Чүй облусунан – 18, Ош облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1490го жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ