Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектеп курулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тендерди Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы өткөрөт.
“Долбоордук-сметалык документация толугу менен бүткөрүлдү. Курулуштун баштапкы сметалык баасы 122 миллион 565 миң 569 сомду түзөт. Каржылоо булагы – шаардык бюджет”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ