“Коронавирустун экинчи толкуну тууралуу божомолдор ар кандай. Кээ бир эксперттер коронавирустун экинчи толкуну күзүндө болот деп жатышат. Кээ бирлери экинчи толкун дароо болот деп айтышат. Кудай сактасын, эгерде, күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болсо, өкмөт ал менен күрөшүүгө даяр. Бүгүнкү күндө ишти алып баруу боюнча тажрыйбабыз бар. Польша жана Кытайдан келген эксперттер биздин алгоритмди жактырышты. Алар туура жолдо баратканыбызды айтышты. Бирок биз дагы даярдана беребиз” – деп билдирди бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр, Республикалык штабдын төрагасы Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолорго жооп жатып.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ