«Кайда барсаң Мамайдын көрү» дегендей, Кыргызстандын бийлик бутактары коррупцияга чыланып оңбой калышыптыр. Кайсы мекеме болсун, мамлекеттин акчасын өөнөп, жеп-ичкенге маш болушуп, жедеп чирип бүтүшүптүр… Мына баасы асмандатылган ТЭЦтеги 600 долларлык аттиш менен 14 миң долларлык видеокамералардын ыры бүтө электе, өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20 миллион долларга эки вертолет сатып алганы турушканын жар салды. Эксперттер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сатып алабыз деген чакан 5 кишилик вертолеттун баасы 1 миллион 355 миң доллардан ашпай турганын белгилешип, коррупциянын жыты буруксуп жатканын айтып чыгышты. Коррупцияга каршы күрөшкөн укук коргоо органдары эртең кеч болуп кала электе бул жагдайдын алдын-алып, алкымы чондорду тыйбаса дагы бир чыр тутанганы турат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ