Menu

Жайыт комитеттерин, суу пайдалануучулар ассоциацияларын айыл өкмөттөрдүн алдына өткөрүү боюнча пикирлер айтылууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасында 2018-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы каралууда. Жыйынга КР Премьер-министри Сапар Исаков, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев башында турган өкмөт мүчөлөрү, тармактык министрликтердин өкүлдөрү катышууда.

КР Премьер-министри Сапар Исаковдун айтымында, быйыл “Жаӊы доорго – 40 кадам” долбооруна ылайык, жазгы талаа жумуштарына даярдык эрте башталып, айыл чарбасынын жүгөрү, арпа, кызылча, буурчак сындуу өнүмдөрүн өстүрүүгө артыкчылык берилип, алардын айдоо аянты көбөйтүлүүдө. Былтыр минералдык жер семирткичтин жетишсиздиги байкалганын белгилеген Премьер-министр Сапар Исаков дыйкандарга колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыкканын айтты. “2017-жылы 15 миӊ дыйкан чарбасына 7 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берилген. Быйыл дагы ушундай көлөмдөгү каражат берилет деген ойдобуз. Ошону менен бирге, дыйкандарга үрөн дагы 30 пайызга арзан сатылмакчы”, – дейт өкмөт башы.

Суроо-жооп маалында депутат Айнуру Алтыбаева бүгүнкү күндө республика аймагында 1000 тоннага чейин айыл чарба өнүмдөрү бата турган логистикалык борборлор көп эле болуп калганын, ал эми 5000- 10000 тонна сыйдыра турган логистикалык борборлорду куруу боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын тактады. Депутат Кубанычбек Нурматов айыл чарба өнүмдөрү боюнча тиешелүү лабораторияларды куруу менен айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоого жол ачыларын, бул багытта коңшу мамлекеттердин кызыгуулары бар экенин маалымдады.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү тарабынан кайсы региондо кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү натыйжалуу болоору боюнча дыйкандарга маалымат берип, өндүрүлгөн өнүмдөрдү сатууга көмөктөшүү жагы белгиленди. Депутат Мирлан Бакиров жыл өткөн сайын кысыр калган жерлердин саны кыскарып баратканын айтып, эми жер кыртышын жакшыртуу боюнча иштерди колго алуу керектигин айтты.

Жыйын жүрүшүндө Суусамыр өрөөнүн баскан алтыгана отоо чөбүн жо кылуу боюнча суроо көтөрүлдү. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев сыноо үчүн отоо баскан 10 гектар жерге химизациялоо жүргүзүлгөнүн, эгер ийгиликтүү болсо отоо бадалынан арылууга болоорун маалымдады.

КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып жайыт комитеттерин, суу пайдалануучулар ассоциацияларын айыл өкмөттөрдүн алдына алуу керектигин, бул чараларга дыкаттык менен өтүү зарылдыгын белгиледи. Анткени мындай коомдук уюмдарды Эсептөө палатасы дагы текшере албайт, эч кимге отчет бербейт. Андыктан. чындыгында канча каражат түшүп жатканы белгисиз бойдон калууда.

Депутат Азамат Арапбаев КР Өкмөтүн айыл чарба адистерин даярдоочу Айылчарба университетинин материалдык базасын чыңдоого, андагы студенттердин стипендиясын көтөрүүгө чакырып, татыкктуу адистерди даярдо менен бул тармакты өнүктүрүүгө болоорун айтты.

Өлкөгө бажы алымдарысыз кирип жаткан “Газпромдун” күйүүчү майлары 3-4 сомго арзан болушу керек деген депутат Таабалды Тиллаев КР Монополияга каршы агенттигине бул боюнча тапшырма берүү зарылдыгын Өкмөткө багыттады.

Суроо-жооп уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: