5-декабрда Ашхабадда Башмыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча Конституциялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Президент Гурбангулы Бердымухамедов өз сөзүндө өлкөнүн мыйзам чыгаруу органын эки палаталуу системасына өткөрүү мезгил талабы экенин айтып чыкты.
Бул боюнча чечимди Конституциялык комиссия 2020-жылдын февралында кезектеги жыйында карамай болду.
Эскерте кетсек, иштеп жаткан Башмыйзам боюнча Түркмөнстандын Межилиси (парламенти) мыйзамдарды кабыл алат, мамбүджетти бекитет, жалпы элдик референдум боюнча меселелерди чечет, президенттик жана межилистик шайлоо күнүн коет, өлкө башчысынын сунушу менен Жогорку соттун төрагасын, башкы прокурорду, ички иштер министрин, юстиция министрин дайындайт же кызматтан алат, эл аралык келишимдерди ратификациялайт, мамлекеттик чегараны, административдик чөлкөмдөрдү өзгөртүү маселелерин карайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ