4-декабрда футзал боюнча экинчи жолдоштук беттеште Кыргызстан курама командасы Түркияны ири эсеп менен ута алды. Бишкекте өткөн оюнда топторду киргизген кыргыз оюнчулар: Дилшат Кадыров менен Юлдашбай Салимбаев – 2 топтон, бир топтон – Мирлан Жолдубаев, Нурсултан Абдылдаев, Манас Абдрасул уулу жана Шохрух Махмадаминов.
3-декабрдагы беттеште Кыргызстан Түркияны 5:3 эсебинде уткан. Бул беттештер 2020-жылдын февраль-март айларында өтчү Азия чемпионатына даярдык.
Футзал боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 44-орунда, түрктөр 69-орунда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ