3-декабрда футзал боюнча Кыргызстандык улуттук курама командасы жолдоштук беттешүүдө Түркияны 5:3 эсебинде ута алды. Кыргызстандан эки топту Максат Алимов, бир топтон Мирлан Жолдубаев, Дилшат Кадыров жана Юлдаш Салимбаев киргизишти.
Бүгүн, 4-декабрда бул эки курама команда кайрадан беттешет. Оюн Арча-Бешик конушундагы дене тарбия жана ден-соолук комплексинде саат 20:00дө башталат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ