Menu

Жанар Акаев чоң оюнду баштады

Бөлүшүү:

2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жели азыртадан сого баштады. Олуттуу саясый күчтөр жанданып, жер-жерлерде уктап жаткан ячейкаларын ойготуп, шайлоого билек түрө киришүү алдында турат. Көпчүлүгү кыргыз саясый сахнасында бери дегенде 10 жыл, ары дегенде 30 жылдан бери жүргөн коомдук ишмерлер. Бирок, кыргыз эли, жаштар жаңы демге, жаңы саясый кан жүгүрүүгө муктаж болуп, көксөп, самап турган маал.

Азыркы учурда саясатчылар арасында кадыры ээ-жаа бербей өсүп бараткан, эч кандай апыртуусуз рейтинги №1 болуп турган депутат Жанар Акаев дагы шайлоого карата чоң оюнду баштады. Ал түзгөн «Демилге» жаштар кыймылы Кыргызстандын сыртында да, ичинде да кызуу иш жүргүзүп, Жанар Акаев өткөргөн иш-чаралар айрым партия жетекчилеринин кыялы бойдон кала берүүдө. Жанар Акаев «Демилге» кыймылы менен бирде Россиядагы журтташтардын башын кошсо, бирде Кыргызстандагы жигердүү жаштардын башын бириктирип, «Жаштар платформасы» деген иш-чара уюштуруп, амбициялуу, жаңыча ой жүгүрткөн XXI кылымдын жаштарынын каймактарын өз бооруна тартууда. Бишкекте өткөн «Жаштар платформасы» эми Ош шаарында өтөрү жарыя кылынды. Демек, Жанар Акаев жети облус, түндүк-түштүктүн дымактуу жаштарынын башын бириктирип, чоң казатка аттанууга катуу даярдык көрө баштаган сыяктуу. Жакында эле Алай, Чоң-Алай райондорунда волейбол оюнун уюштуруп, эми Нарын, Ысык-Көлдү кыдырарын жар салды. Жанар Акаевдин рейтингинин күчтүүлүгүн ушундан билиңиз, ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бак тигүүгө чакырыгын көрүп алып келген жаштардын саны Акүй-Көкүй, мамлекеттик органдардагы кызматкерлерди зордоп ишембиликке айдап чыккандагыдан да көп болду. Кыязы, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо бийликчил, оппозициячыл партиялар бир тең, Жанар Акаев жетектеп чыккан жаштардын партиясы бир тең болот өңдүү.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: