Menu

Фото – ИИМдин Басма сөз кызматы ички иштер органдарынын тутуманда түзүлгөнүнө 35 жыл толгондугун белгилөөдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин тутумунда Басма сөз кызматтары 1984-жылдан баштап кесиптик майрамын белгилеп келүүдө. Ошол жылдары, 35 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Жусупбек Акматовдун буйругу менен 1984-жылы 18-апрель күнү Ички иштер министрлигинде өз алдынча бөлүм катары басма сөз кызматы бекитилген. Ошол убакта Пресс бюро бир кызматкерден туруп,  ал басма топтун инструктору катары эсептелинген. Алгычкы кызматкер Виктор Ярцев болуп эсептелинет.  Өз убагында Басма сөз кызматын тажрыйбалуу кызматкерлер Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Бакыт Сеитов, Рахматилло Ахмедов, Гулсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов, 2007-жылдан баштап азыркы убакка чейин Бакыт Сеитов жетектеп келүүдө.

Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн ЖМКга чагылдыруу, коомдук уюмдар, коомдун жарандык институттары менен коомдук иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштурат. Бүгүнкү күнү жарандар үчүн милициянын ачык-айкындуулугун камсыздоо- ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларынын бири, ал эми жарандардын ишенимдүүлүгү- Кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүн баалоонун маанилүү критерийи.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматтарынын 35 жылдыгына карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери   пагончон кесиптештерин куттукташты.

2019-жылдын 19-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кичи жыйындар залында Ички иштер органдарынын Басма сөз кызматтарынын негизделген күнү- 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин Кыргыз Республикасынын ИИМдин тутумундагы Басма сөз кызматтарынын негизделген күнүнө карата куттуктоосун министрдин орун басары  Мирлан Каниметов окуду.

“Урматтуу кесиптештер! 1984-жылдын 18-апрелинде Ички иштер министрлигинин тарыхында жаңы этап-коомчулук менен ачык диалог түзүлгөн учур башталган. Өз ишмердүүлүктөрүн аз сандаган пресс бюро менен пресс топтон башташып,  35 жыл аралыгында Министрликтин маалыматтык саясатын ишке ашыруу милдети жүктөлгөн маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү күчтүү көп функционалдуу түзүм катары калыптана алды.

Ички иштер органдарынын жана ички аскердин басма сөз катчыларынын профессионалдуулугу  журналисттер чөйрөсүндө  жогорку баага арзып, ал эми   иштеринин  мыкты көрсөткүчү катары  коомчулук тааныган Кыргыз Республикасынын ИИМдин ачык-айкындуулугу менен күч түзүмдөрүнүн  медиаактивдүүлүгүнүн көз карандысыз рейтинги боюнча башкы сапты камсыздай алды. “Пагончон журналисттердин” жардамы менен  биздин жарандар ары татаал,  ары коркунучтуу ишинин негизинде бычактын мизи менен жүргөн тартип сакчыларынын иши, эрдиктери жана күнүмдүк ишинде дагы көрсөткөн эрдиктири, ийгиликтери жана көйгөйлөрү жөнүндө күн сайын кабардар болушууда.

Сиздердин катарыңыздарда  Ички иштер министрлигинде басма сөз кызматынын түзүлгөнүнөн баштап, бул бөлүмдүн 35 жылдык тарыхынын түзүлгөнүнө  күбө болгондор, ага түздөн-түз катышуучулар жана түзүүчүлөр кызматын өтөөнү улантып жатышкандарын кубануу менен белгилемекчимин.

Мен өздөрүнүн өмүрлөрүн  татаал, бирок керектүү жана маанилүү ишке арнашкан ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.  Сиздердин кесиптик жана турмуштук тажрыйбаларыңыздар биз үчүн чексиз баалуу.

Маалыматтык технологиялардын  доорунда медиамейкиндик тез өнүгүп жана маалыматтык билдирүүлөрдүн булактарынынын санынын жайылтылуусунун ыкчамдуулугу үзгүлтүксүз өсүүдө. Бүгүн ар бириңер жаралган маалыматтык  шылтоолорго  ыкчам жана компетенттүү аракеттерди көрүп, жарандык коомдун өкүлдөрүнө  сабаттуу мамиле кылып,  заманбап техникалык каражаттарды жогорку деңгээлде колдоно билип, кеңири аң-сезимге ээ болушуңар керек. Маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүнүн алдында турган бардык тапшырмаларды мындан ары дагы өз убагында аткарып, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу мамиле кылат деген ишенимдемин.  Басма сөз кызматы менен ЖМК миңдеген жиптер аркылуу байланышып, биз менен биргеликте гана укуктук тартип менен байланышкан маанилүү маселелерди чагылдыруу боюнча тапшырманы аткарабыз. Кызматкерлер ар дайым окуялардын чордонунда болушат, бирок, маанилүү болгондой,  маалыматтарды жасалмалабайт,  сын-пикирге коркпостон так жооп беришет. Маалымат жана
коомчулук менен байланышуу бөлүмдүн жетекчилерине, кызматкерлерине, ардагерлерине  бекем ден соолук, жаңы чыгармачылык эргүү жана кесиптик ийгиликтерди  чын дилимден каалайм.  Маарекеңер менен, кымбаттуу достор!”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чынгыз Эсенгул уулу салтанаттуу шартта ИИМдин Басма сөз кызматынын кызматкерлери Тилек Оторовго премьер-министрдин кол  саатын тапшырса,  ал эми премьер-министрдин ыраазычылык каты менен Жеңиш Ашырбаев, Ырыскүл Джайлобекова, Сталбек Усубакунов, Замир Сыдыковдор сыйланышты. Чынгыз Эсенгул уулу иштерин профессионалдуу жана натыйжалуу аткарып жатышкан милициянын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери милдеттүү түрдө сыйланыш керектигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов салтанаттык шартта ИИМдин Басма сөз кызматтарынын кызматкерлерин куттуктады. М. Каниметов, “ИИМдин Басма сөз  кызматтарынын кызматкерлери өз эмгектери менен укуктук тиртипти бекемдөөгө, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти камсыздоого зор салымдарын кошушууда. ИИОнун Басма сөз кызматтары азыркы учурда коомчулук, калк  үчүн ички иштер органдары ачык-айкындуулукка жетүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүшүп, милициянын иши жөнүндө жагымдуу коомдук көз карашты түзүүгө, пагончон адамдардын оор жана татаал эмгегине сый-урматты калыптандырууга тынымсыз аракеттерди көрүшүүүдө. Ошондой эле, басма сөз кызматтарынын маанилүү тапшырмаларынын бири-ички иштер органдарынын кызматынын беделин көтөрүү, ИИОнун кызматкеринин жагымдуу образын калыптандыруу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жана ички иштер  ргандарынын кызматкерлеринин өздүк курамынын,  жеке өзүмдүн атыман кесиптик ийгиликтерди, бекем ден соолукту жана бейпилдикти каалайм!

Биз сиздерге көбүрөөк жакшы жаңылыктарды, кызыктуу окуяларды жана өзгөчө каармандарды каалайбыз! Ар бир ойлогон ой-максаттарыңыздар ишке ашып,  орундалышына тилектешмин! Сиздердин ден соолугуңуздар бекем болуп, профессионалдык ийгиликтер  менен бактылуулукту тилейм!”-деп куттуктоо сөзүн айтты.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында кызматында айырмаланган  кызматкерлерди сыйлоо жөнүндөгү ИИМдин буйругу окулду. ИИОнун Басма сөз кызматтарынын кызматкерлерин министр түзүмдүк менен акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: