Былтыр Орусиянын аймагынан кыргыз жарандары тарабынан ташталган 75 ымыркай алып келинген. Бул тууралуу сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
«Былтыр Орусиянын аймагынан таштанды 75 ымыркай алып келиниптир. Мамлекет үчүн бул уят нерсе. Эмне себептен мындай болду, кайсы мыйзамдарды өзгөртүү керек, кимди жоопкерчиликке тартышыбыз керек? Бир жылда эле 75 ымыркай! Буга чейин мен мындай нерсени уккан эмесмин. Себеби, ал жакта мидлионго жакын биздин жарандар жүрөт. Бүгүн 75 бала болсо, эртең 700 бала болот, муну токтотпосо өнөкөткө айланат» деп Тиллаев башкы прокурорго кайрылды.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ