15-апрелден тарта “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу Эл аралык салтанатына чет өлкөлүк катышуучулар келе башташты.
Аларды Ош Эл аралык аэропортунан мэриянын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты. Алгач эле Түркия, Казакстан, Македония, Сербия мамлекеттеринен жана Бишкек шаарынан 100гө жакын чыгармачыл топтор, музыканттар жана ырчылар келишти. 20-апрелге чейин Түркия, Казакстан, Македония, Сербия, Азербайжан, Өзбекстан, Россиянын Башкыртстан, Тыва Республикаларынан 500гө жакын чыгармачыл топтор жана расмий коноктордун келиши күтүлүүдө.
20-апрелде “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык салтанатынын алкагында «Түрк дүйнөсүнүн этномаданият фестивалы» өтөт. Анда «Элдик каада-салттар», «Этно-музыка», «Этно-мода», «Кол өнөрчүлөр», «Улуттук тамак-аштар» көргөзмөсү уюштурулат. Мындан сырткары,“Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо” эл аралык маданий программасы, Түрк элдеринин “Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү” жана борбордук стадиондо “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун расмий салтанаттуу ачылыш аземи болот.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ