Menu

Ч.Турсунбеков менен А.Шадиев дагы коррупцияга аралашканбы?

Бөлүшүү:

“Кыргызстан коррупция менен паракорчулуктун мекени”,- десек деле таң каларлык болбой калды окшойт. Анткени мамлекеттик бюджетти уурдоо өлкө аймагынан чыгып, эл аралык деңгээлге чейин жетип, жеп- ичүүлөр ыйык инсандардын атын да булгап атыптыр. Парламентибиз 2-3 жылдан бери КМШ аймагына таанылып, кылымда бир жаралуучу залкар жазуучубуз Ч.Айтматов атындагы 30 миң долларды түзгөн сыйлыкты Санкт-Петербур шаарында берип келаткан. Эми жеп-ичкичтердин сугу ошол акчага да түшүптүр. Бул тууралуу Башкы прокуратура ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров дегенге кылмыш ишин козгогондо билип отурабыз. Көрсө, ал эргул 2 млн. сом акчаны өткөн жылы сентябрда колуна алыптыр да, андан соң жасалма документтерди түзүп, акчаны сол чөнтөккө солоп жибериптир. Ал эми бул документке парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр А.Шадиевдин колу коюлуп, экс- спикер Ч.Турсунбековго жиберип, анын да колун койдуруп алган экен. Бирок иш башкармалыкка Питерден “акча алганыбыз жок” деген жооп келген. Азыр залкар жазуучунун атындагы сыйлыкка кол салган кызматкер 2 айга УКМК камагына алынды. Баарынан кызыгы, бул “кылым аферасы” үчүн акчаны жеген “азамат” күнөөлүү болобу же кол койгондорбу?

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: