Кадамжай районунун Чаувай айыл аймагында 2-июнда саат 19:00дөн 22:00гө чейин жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары 800 метр ички чарбалык жолдун ар жеринен, 150 метр ички чарбалык арыкты сел калдыктары баскан, 2 электр мамычасы авариялык абалга келген. Учурда райондук Электр тармактары ишканасынын кызматкерлери тарабынан калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ