Menu

Талаш жерлер алдыда көп маселе жаратары шексиз…

Бөлүшүү:

Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлук алганы өзү чектешкен Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын аныктап алуу маселеси чыкты.

Кытай менен чек араны аныктоо Кыргызстан үчүн оор жоготуулар менен соңуна чыкты. Үзөңгү-Кууш баш болгон бир катар жерлер Кытайга кетти.

Казакстан менен да чек ара чечилди. Акаев 2001-жылы кол койгон келишимдин негизинде кыргыз-казак чек арасы аныкталды. Ал боюнча Каркыра жайлоосу, Таласта жерлер кетти, Чүйдө туура эмес болгон деген сөздөр айтылып жүрөт. Адахан Мадумаров парламент төрагасы кезинде бул келишим ратификация болгондуктан, Каркыра маселесин анын оппоненттери пайдаланып келет. Чындыгында, президент Акаев кезинде кол коюлуп, Бакиев президент кезинде Жогорку Кеңешке ратификацияга жөнөтүлгөн келишим эле. Төрага аны добушка коюп, маселени чечиш керек эле, ал иш аткарылган.

Эми Кыргызстан алдында Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны аныктап алуу маселеси турат. Бул Кытай жана Казакстанга караганда татаалыраак болот. Анткени бул эки кошуна мамлекет менен чек ара үч өлкө жарандарынын үй, короолорунан өтөт. Көптөгөн талаш жерлер бар. Алар алдыда көп маселе жаратары да шексиз. Азыр жаратып жаткандай.

Өзбекстан менен чек араны аныктоодо жылыштар Ислам Каримов каза болуп, анын ордуна Шавкат Мирзиеев президент болуп келгенден кийин пайда болду. Анда Атамбаев президент, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы, губернатор, Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы кызматын аркалап турган.

Мына ушулар кыргыз-өзбек чек арасынын 85% такталып бүттү деп маалымат беришкен. Кандай такталды, талаштуу жерлер тагдыры кандай чечилди белгисиз. Кечээ жакында Араван районундагы Керкидан суу сактагычы баш аягы менен Өзбекстанга берилгени анык болду. Суу сактагыч стратегиялык обьект. Ал Ош шаарына жакын жерде бир адырдан жол үчүн жерге алмаштырылды деп айтылды. Бул канчалык адекваттуу алмашуу болгону талаштуу маселе.

Керкидан суу сактагычы баш-оту менен Өзбекстанга берилгени Өзбекстан мына ошол жерге тор зым тарта баштаганда анык болду. Калган жерлер кандай чечилгени ошол жерлерге өзбек тарап зым тарта баштаганда айкын болчудай…

Тажикстан менен чек араны аныктап алуу абдан татаал болуп, тынымсыз жаңжал, ок атышуулар менен коштолуп келатат. Бир аскердин өлүмүнө, ондун тегерегинде жоокердин жарадар болушуна алып келген окуя 17-сентябрь күнү катталды. Кандуу атышуу Лейлектин Максат айылында болуп өттү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 976 чакырым, анын ичинен 504 чакырымы аныкталган. Талаш-тартыш жараткан участоктор көп. Эки тарап чек араны кайсы мезгилдин документи боюнча аныктоодо да талашта турат. Тажик тарап 1924-27-жылдардагы карта менен аныктоону жактаса, Кыргызстан 1958-59, 1989-жылдагы документтер жана карталар негизинде аныктайлы деген позицияда турат.

Эки тарап көп жылдан бери чек араны аныктоодо мына ушул себептерге байланыштуу алдыга жыла албай турат.

Ош-Исфана жолунун Көк-Таш-Самаркандек бөлүмүн курууда чек аранын аныктала электиги чоң маселе жаратып, 2009-жылы протоколго кол коюлган. Мына ошол протоколдун негизинде жолдун курулушу уланган. Ал учурда талаш жер үчүн согушуш же келишимге келиш керек эле. Мына ошол протокол келишим болуп берген. Анын негизинде жол курулуп, Лейлек, Сүлүктү тургундары өлкөнүн калган бөлүгү менен тоскоолсуз каттап калган.

Ал протокол кыргыз-тажик чек арасын аныктаган эмес. Ошондуктан кыргыз тарап мына ошол участокту өзүнүкү деп эсептей турган болсо, анда сүйлөшүү же башка жол менен ага ээлик кылганга жол ачык. Ал протокол болгону убактылуу маселени чечип турган жана аны жокко чыгаруу жеңил. Көп өлкөлөр протокол эмес, ратификацияланган келишимдерден чыгып кетип жүрөт. Мына кечээ жакында эле АКШ жана Россия орто аралыктагы ракеталар боюнча келишимден баш тартып кетишти…

А.Акматов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: