Жазга карай кырдаал оорлошуп, бийликтин улам бир кылыгына карапайым көпчүлүктүн кыжырдануусу күч алды. Апта башында Нарында, Токтогулда электр тарифтерин арзандатуу талабы менен митингге чыгышса, жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын он миңдеген тургундары мэриянын алды менен Акүй жанында митингге чыгышары каңкууланды. Өзгөчө бишкектиктер январь айына болгон электр төлөмдөрү менен жылуулукка кошумча миңдеген сомдор жазылып келгенине нааразыланып, бийликке каршы чыгышарынан кабар алдык. Өкмөттөгү өздүк булактарыбыз кабарлаганына караганда, жазга карай өлкөдө айлык акы, пенсия, пособиелерди бере албай калуу коркунучу жаралганы, бийлик аргасыз электр төлөмдөрү баштаган коммуналдык кызмат акыларына кошумча төлөм жаздырып, элден кошумча чогулган акча менен абийирлерин жабууга далалат кылып жатышкандары чынбы? Бул кандай абийирсиздик? Жаалданган Бишкек шаарынын он миңдеген тургундары жакынкы күндөрү борбордук бийликке каршы чечкиндүү кадамдарга барууга даярдангандарды көрүп жатышканы эл ичинде күбүр-шыбыр кепке айланды. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары Бишкек мэри Албек Ибраимовдун кабинетине дейре кирип барып, квитанцияларды керек болсо Акүй алдынан өрттөөгө камынып жатышканы чынбы? Бийлик бул маселеге тез арада кийлигишпесе, абал чатагына айланат окшоп калды. Кеме жазында биротоло чөгөбү?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ