Menu

ЖОЖдордо жана орто окуу жайларда мамлекеттик экзамендерди өткөрүү жана дипломдорду коргоо аралыктан жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

Жогорку жана орто окуу жайларда мамлекеттик экзамендер аралыктан уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары үчүн квалификациялык (дипломдук) ишти коргоо жана мамлекеттик экзамендерди өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарган.

“Салттуу мамлекеттик экзамендер маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери боюнча, ошондой эле ИИМ Академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулат. Мында бүтүрүүчүлөр атайын даярдалган жадыбалдын негизинде тиешелүү санитардык талаптар аткарылгандан кийин окуу жайга келип тапшырышат” – деп айтылат маалыматта.

Экинчи курстун студенттери үчүн “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын географиясы” жана “Кыргызстан тарыхы” сабактарынан мамлекеттик сынак 2020-жылдын күзгү семестрине калтырылды.

“Ар бир билим берүү мекемесинде аттестациялык комиссияны түзүлөт, алар экзамендерге даярдык көрүшөт” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: