Menu

Тажикстандыктар жемкорлук үчүн жазаны күчөтүү керек деп эсептешет

Бөлүшүү:

Тажикстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги жемкорлукту азайтуу боюнча өлкө жарандарынын сунуштары камтылган социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөө былтыр өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп, анын алкагында 90 миңге жакын мамлекеттик кызматтагы аткаминерлер, ишкерлер жана карапайым жашоочулардын пикирлери суралган.

Анда жарандар өлкөдөгү жемкорлукту азайтуу үчүн бийлик укук коргоо кызматкерлеринин жашоо шартына көңүл буруп, жооптуу кызматтарга таза, билимдүү адистерди алып келиши керектигин билдиришкен. Андан тышкары жемкорлук үчүн жаза күчөтүлүп, күнөөлүүлөр ачык соттолушу зарыл экенин белгилешкен.

Антикоррупциялык агенттиктен кийинки социологиялык иликтөө 2019-жылы жүргүзүлө турганын билдиришти.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорку кызматтагы 500гө жакын аткаминер бир эле кызматта 5-15 жылдан бери туруктуу иштеп келатканы аныкталган. Ал тизмеге узак убакыттан бери бийликте жүргөн тажик саясатчылары киргизилген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: