Menu

Эл аралык Олимпиада комитети Лукашенконун олимпиадалык иш-чараларга катышуусуна тыюу салды

Бөлүшүү:

Эл аралык Олимпиада комитети Александр Лукашенко башында турган Беларустун улуттук олимпиадалык комитетинин жетекчилигин бул уюмдун атынан өткөрүлө турган бардык иш-чаралардан четтети.

Мындан тышкары Беларустун Улуттук Олимпиада комитетине каржылык төлөмдөр токтотулду. Чечимде бул чаралар убактылуу жана өлкөдөгү кырдаалга жараша алынышы мүмкүн экени белгиленген.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети спортчуларды саясий себептерден улам куугунтуктаган беларус бийлигинин аракеттерин иликтей баштаган.

Быйыл августта бир жарым миңден ашуун беларус спорчусу өлкөдө ачык шайлоо өткөрүү, бийликке каршы нааразылык уюштурган кишилерди куугунтуктоону токтотуу талабы жазылган ачык катка кол коюшкан. Мындан соң алардын бир катары жумуштан алынып, кармалып же соттолгон. Аларын арасында фристайл боюнча дүйнө чемпиону Александра Романовская, жеңил атлет Светлана Куделич, балбан Андрей Кравченко жана баскетболчу Елена Левченко бар.

9-августтагы президенттик шайлоо өзгөчө одоно бурмалоолор менен коштолгондуктан, алтынчы ирет президенттик мөөнөткө шайланганын жарыялаган Александр Лукашенконун жеңишин анын атаандашы Светлана Тихановская менен жалпы беларус оппозициясы четке каккан. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин, улам саны көбөйгөн саясий камактагыларды бошотууну, жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Батыш өлкөлөрү да шайлоо жыйынтыгын тааныбастыгын айтып, Лукашенко баштаган он чакты беларус төбөлүнө карата чектөө жарыялады. Лукашенко кызматтан кетүү талаптарын четке кагып, Баш мыйзам өзгөргөн соң гана бийликтен кете турганын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: