Menu

Алмаз Атамбаев: “Кыргыздын “туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген сөзүн кыргыз бийлиги унутпашы керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмаз Атамбаев Апрель окуяларынын 8 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады:

Урматтуу кыргыз калкым, боордош бир туугандарым, урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн ак менен каранын ортосундагы күрөш орун алган – Апрель окуясына 8 жыл толду. Бул күн кыргыз мамлекетинин тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды.

Ошол 7-апрель күнү 87 жараныбыз курман болгон. Бирок, андан кийин өткөн сегиз жылдын ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этем!

Бул биз үчүн жүрөгүбүздө өмүр бою жара бойдон калат.

Мунун баары үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун кесепети экенин эч ким тана албас. Ошондуктан кыргыз элинин “туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген эзелки сөзүн кыргыз бийлиги унутпашы керек.

      Урматтуу мекендештер!

Эки жыл мурда өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына 7-апрель – Элдик Апрель революциясы да кошулган. Ошондо кайгы менен муңга толгон бул күндү эмнеге майрамдайбыз, бул күн аза күтүү күнү болушу керек дегендер чыккан. Буга чейин да айтып келгем, дагы бир ирет кайталайм. 7-апрель Элдик революциясы – бул элибиз үчүн майрам! Анткени, кандай гана күрөш, согуш болбосун анын жеңишке жеткен акыркы күнү майрамдалат эмеспи.

2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели – бул окуялар бир оор жолдун үч ашуусу. Өлкөбүздүн келечеги, элибиздин эркиндиги үчүн үч датанын тең орду чоң. Бирок, биз толук жеңишке 7-апрелде гана жеттик. Ошондуктан 7-апрель – Элдик майрам!

       Урматтуу мекендештер!

Баарыңарды 7-апрель Улуттук майрамыбыз менен куттуктайм!

Жараткан элибизге ынтымак, биримдик, жерибизге берекет берсин!

Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7 – апрелинде өлкөнүн жаңылануусуна, эркиндикке жана адилеттүүлүккө жол ачып берүү үчүн жандарын кыйган карапайым боордошторубуздун эрдигин эч качан унутпайт!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: