-Президент Атамбаевдин көл жээгиндеги басма сөз жыйыны бир тараптуу гана болду деген сөздөргө кошула аласызбы? Анын жүрүшүндө КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп сөз сүйлөгөнү мындай форматтагы пикир алышууга туура келеби? “Кошоматчылыгын ансыз деле КТРК аркылуу көрсөтүп жатат, ошол жакта эле уланта бербейт беле”,- деген кеп туура эле айтылып жатабы?
-Президент Атамбаевдин көл жээгинде басма сөз жыйыны журналистер үчүн жыйын болбой эле, кошоматчылардын оюн угуу жана кимдин канчалык деңгээлде бийликтин көчүгүн жалаганга даяр экендигинин сынаган жыйын болду. Мени кечирип койгула, мен биздин президентибиз айткандай, акты ак, көктү көк дейм. Демек, акты, көктү ажыраткан эки адам бар экенбиз, бизге ишенгиле…
Болгону журналистерди карап олтуруп эле, булар жыргатчуу соролорду бербей, мурунтан эле даярдалган суроолор берилери ачыктан ачык эле байкалып турду. Жыйын бир тараптуу гана эмес, Атамбаев өзү режиссер болуп, өзүнүн айтам деп пландаган темаларындагы суроолорго гана жооп берди. Мындай шумдук Акаевдин да, Бакиевдин да мезгилинде болгон эмес. Болмок тургай, алардын түштөрүнө да кирбесе керек.
Булак: “Майдан. kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ