Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада эле 400 бейтап кайрылган, анын 325и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-декабрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, ооруканага ичеги-карын инфекциялары менен 23 адам кайрылып, 17не амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 270 адам кайрылган, алардын 44ү ооруканага жаткырылып, 226 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ