Menu

Түрк актрисасы Нургүл Ешильчайдын жалгыздыгы жана арзуусу

Бөлүшүү:

“Даңазалуу доор” тарыхый сериалынын уландысы “Көсем Султан” тасмасындагы башкы каарман түрк актрисасы Нургүл Ешильчайдын бизде да жүздөгөн, миңдеген күйөрмандары бар. Актриса тууралуу кыскача маалымат берсек, телеканалдарда алгачкы дебюту болуп, актрисалык тушоосу кесилген. Андан соң комедиялуу “Баары жакшы болот” тасмасына алгач ирет тартылган. Бул тасмадан кийин катары менен “Экинчи жаз”, “Шар-кыратма”, “90-60-90” ж.б тасмаларга чакырыла баштайт. 2008-жылдардан кийин Нургүл Ешильчай эң бир таанымал актрисалардын катарына кошулуп, кино сүйүүчүлөрдүн арзуусуна татыйт. “Хурмуз үчүн жети күйөө” комедиясы, “Абийир” психологиялык мелодрамасы ж.б. тасмалар Нургүлгө ого бетер таанымалдуулукту тартуулайт.

2010-жылы түрк телевидениесинде курч сюжеттүү “Сүйүү жана жазам” аттуу телесериалга Нургүл Ешильчай түрктөрдүн дагы бир белгилүү актёру Мурат ЬІйылдырым менен биргеликте тартылып, бул тасманы көптөгөн чет элдиктер да кызыгуу менен сатып ала башташат. Ошондон тарта Нургүл Ешильчай түрктөрдүн баалуу актрисасына айланат. Бул жетишкендиктерден кийин актриса тасмаларга тартылууну улантып, “Султан”, “Кызыл сүйүү”, “Түн”, “Галип дервиш” ж.б. мелодрамаларга, боевиктерге тартылып, аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн толгон-токой сыйлыктардын ээси болот.

Ал жеке жашоосунда үй-бүлөсү бар өзүнөн улуу адам менен мамиле куруп, анын үй-бүлөсүнүн бузулушуна себепкер болот. Актёр Джем Езир Нургүл үчүн өзүнүн мурунку жубайын таштап кетет. Ал адам Нургүлдөн 17 жаш улуу эле. Алар 2004-жылы баш кошушуп, алты жыл бирге өмүр сүрүшөт. Бул жылдар аралыгында Осман аттуу уулдуу болушат. Бирок эки сүйүшкөн жандын мамилесин ымыркай да сактап кала албайт. Нургүл Ешильчайдын атактуулугу таш жарып, жетишкен ийгиликтери арбыган сайын, күйөөсүнүн кызганычы да күч алып, акыры ажырашып тынышат. Актриса көпкө жалгыз жүргөн соң, турмушунда жаңы сүйүү пайда болот. Ал режиссер Толга Карачелик эле. Экөө бирге тынч, романтикалуу кечтерди өткөргөнү менен бирге турмуш курууга ашыгышкан жок. Акириса өзү бул мамилени “конок нике” деа атап алган. Экөө эки бөлөк үйдө жашашат.

Актриса Нургүл Ешильчайдын дагы бир эл билбеген керемет таланты бар: ал картиналарды, живопистерди тарткан таланттуу сүрөтчү.

Малика Асылбекова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: