Menu

Сабыр Мукамбетов, эксперт: Кадимки куудул Жамбылдын Башмыйзам менен не иши бар, ия?

Бөлүшүү:

Эй Жамбыл, сен ушунчалык аңкоосуңбу? 93-чү жылкыны (Башмыйзамды – ред.) калыбына келтирсек эле оңолобуз деп бир кагазды панацея кылганына таң калам да? Он конституцияны алып кел, аны сыйлап, аткарып жашабагандан кийин кандай толк? Чылада жатканың жаткан. Конституцияны тытып-чийип тряпкадай колдонгонуң колдонгон.

Сен экөөбүз малдан төмөн үйүрдүн өкүлү экенибизди сезбей жатпайбызбы. Сага караганда уй тартиптүү, маданияттуу, ал тизилип келип жемин жеп, саадырат. А сен экөөбүз, т.е. жалпы үйүрүбүз менен “конституция, конституция” деп бакырабыз, колго тийсе чиймелеп, тытабыз, кээде унутта калтырып, кайда койгонубузду билбей жоготуп ийип жаңысын жазып алабыз. Айтор, “конституциянын балакетин аласынарбы?”- дей турган эле немелербиз… Андыктан, элдин да, өзүңдүн да каллаңди оорутпай шүк отурсаңчы, башка, жакшы, кесиптик темадан кеп салчы. Анүстүнө ал конституцияң деле идеалдуу эмес. Ар бир депутат өзүнө кожоюн. өзүнчө партия. Элиңди, мамлекетинди уруп ойнобойт – өз коктусунун көңүлүн алса болгону, салдырып берген мектеби менен көпүрөөсүнө кеткен акчаны өндүрүш үчүн көчүгүн (добушун) сатып сойку болуп алат. Анда-санда. майрамдарда улак берип, жарма тобунун көңүлүн алса болду. Кара жаны үчүн жан үрөгөн жеке басар болуп, кийинки шайлоого акча топтогонго мажбурлаган конституцияны панацея кылба. Панацея жок. Сен барсың! Сен оңол! Ошондо англияча конституциясыз эле жашасан да болот. Конституция, конституция деп койсо эле бакырганыңарга чейрек кылым болду, ойлонсоңор боло, акылыңар тайкы экени ачык көрүнө баштаганын эл көрүп атат, силер байкабайсынар! Конституциянын балакетин албай тынчычы! Сен үчүн мен уялып атам!

Сабыр Мукамбетов, медиа-эксперт

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: