Menu

Эми кетирген катасы үчүн Тазабек Икрамов дагы үч ай орозо кармашы шарт

Бөлүшүү:

Кечээ күнү Жогорку Кеңеште пленардык сессия биринчи жолу түшкү тыныгуусу жок өттү. Мындай сунушту Тазабек Икрамов «баардыгыбыз орозо кармап атабыз, тамак ичпейбиз бары бир» деп негиздеген. Аны ойлонбой залда отурган бир канча депутаттар колдоп беришти. Өздөрүнө да аябай ыраазы бллушса керек кайран кыкендер. “Чала молдо дин бузат» деп ушуну айткан байыркы элибиз. Депутаттардын чечими ошол ыйык орозо айында «момун бол, жоош бол, башка бирөөгө зыян келтирбе. Таза ниет кылып жаша» деген орозонун негизги маанисине каршы келип атпайбы? Биз мамлекетибиздин Конституциясын тим эле коёлу. Жогорку Кеңеште орозо кармабаган депутаттарды, катышууга келген өкмөт мүчөлөрүн, судьяларга кандидаттарды, аппарат кызматкерлерин жана журналисттерди ачка калтыргандары кандай? Исламдын кайсы мыйзамына жооп берет? Куранда ошондой барбы? «Өзүң кармасаң, башкаларды да ачка калтыр» дейби? Жок, урматтуу Тазабек Икрамов жана аны ээрчиген депутаттар, кармаган орозоңор кабыл болсун, бирок бизге ишенбесеңер, Чубак ажыдан да сурап алгыла, чоң күнөө кетирдиңер! Чала молдо дин бузат! Силер болсо динди да бузуп, мамлекетти да оңдой албай, түбүнө жеткени калдыңар окшойт…

Тайлак Назымов

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: