Menu

“Журналисттерди коргоо комитети” Аскаров боюнча президентке кайрылды

Бөлүшүү:

Эл аралык “Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Zanoza.kg сайты жана журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана укук коргоочу Чолпон Жакуповадан материалдык доосунан баш тартканын кубаттап, өлкөнүн жаңы бийлигинен 2010-жылдагы окуяда айыпталып өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровду бошотууга чакырат.

Бул тууралуу “Журналисттерди коргоо комитети” 18-майда расмий сайтына жазды.

“Мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерден жана укук коргоочудан материалдык доосунан баш тартып туура кылды. Аларды жоопкерчиликке тартуу туура эмес болгон”, – деди CPJ программасынын Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянова.

Ошондой эле Кыргызстандын жаңы жетекчилеринен бул кырдаалды пайдаланып сөз эркиндигин жакшыртуу үчүн укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотууга чакырышат.

Азимжан Аскаров “Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган” деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: