Лондондун Жогорку соту белгилүү тажик ишкери Аваз Назаровго карата 1 жыл 9 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Ишкер Лондон сотунун чечимин аткаруудан баш тартып, орусиялык ишкер, VIS Trading Co компаниясынын ээси Валерий Воробьевго 35 млн. доллар төлөп берген эмес деп айыпталууда. Маалыматка ылайык, Аваз Назаров тажик алюминий заводуна каршы соттук жараян маалында адвокаттык кызматтарды төлөп бериш үчүн Воробьевдон 10 млн. доллардан ашык каражат карызга алган.
Тажик алюминий заводу үчүн башкы глинозем жеткирүүчү эсептелген «Ансол» компаниясын жетектеген Аваз Назаров 2005-жылы Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан 500 млн. долларга жакын акчаны кымырып алган деп айыпталган. Өз кезегинде өлкөдөн чыгып кетип, Британияда жашап калган Назаров Башкы прокуратуранын арызына жооп катары Тажикстандын бир катар аткаминерин ишкерликтин белгиленген нормаларын бузууга айыптап, аларды Лондон сотуна берген.
Маалымдалгандай, жараяндагы адвокаттардын кызматын төлөп берүү үчүн Тажикстан 100 млн. доллардан ашык акча кетирген. Беш жылга созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин тараптар элдешип, дооматтарынан баш тартышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ