Коомчулукта парламенттин тарай турганы боюнча ар кандай талкуулар жарала баштабадыбы. Алтымыштан ашык депутат кол коюп, «самороспуск» аркылуу тарап кетишсе болот. Оңбогон-дой акча чачып келген эл өкүлдөрү ошол жолго барабы? Бирок бийлик кызыкдар болуп, «куйруктарын» толгосо айласыздан кол коюшат да. Эсиңерде болсо, Акаев, Бакиев режимдеринде да референдумдар өтүп, анан көп узабай эле Жогорку Кеңеш таратылган. Мына ушул ыңгайды эртелей түшүнгөн Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоону көтөрүп чыккан. Импичментти ишке ашыруу үчүн эң башкысы 60тан ашык депутат кол коюп бериши шарт. (Андан башка дагы оор процедуралары бар). Натыйжада, жүрө-жүрө баш бербей бараткан бу парламент Алмазбек Атамбаевдин алдуу-күчтүү болуп турганында жок болушса, жаңы шайлана турган эл өкүлдөрү электен өтүп, «ыңгайлуу партиялар» келишмек эле. Бу жагынан Текебаев көрөгөчтүк кылуу менен импичмент кыйкырыгын улантып, «Атамбаевдин өзүн кетирүү үчүн коркутабыз, келгиле мага кол коюп бергиле?» деген саясатты күчөтөт. Аныгында, Текебаевдин демилгесин колдотпош керек да, анүчүн бийлик парламентти садага чабуу аракетин токтотушу мүмкүн.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ