Menu

Ислам тилектештик фонду билим берүү долбоорлору үчүн 100 миң доллар берет

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулатиф Жумабаев Ислам тилектештик фондунун аткаруучу директору Ибрахим бин Абдалла Аль-Хузейми менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматтарга караганда, тараптар билим берүү багытында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Аль-Хузейми фонд быйыл Кыргызстанга 100 миң доллар өлчөмүндө грант берүүнү чечкенин билдирди.

Ислам тилектештик фонду 2005-жылы Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинен кийин түзүлгөн. Ал Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу аркылуу жакырчылыкты азайтуу, өлкөлөрдүн өндүрүш дараметтерин кеңейтүү, сабатсыздыкты жоюу жана кургак учук, безгек, ВИЧ ооруларына каршы күрөшүү багытында иш алып барат.

Ислам тилектештик фонду буга чейин дагы Кыргызстанга насыяларды жана кайтарымсыз жардамдары берип келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: