Menu

Укук коргоочулар Алмаз Атамбаевди ушак, жалаа, чагым тараткандыгы үчүн сотко беришет

Бөлүшүү:

14-майда укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаиловалар эгер Алмаз Атамбаев дүйшөмбү күнгө чейин алар тууралу тараткан жалааларын жана ушактарын жокко чыгарбаса Атамбаевди сотко беришерин билдиришти.
«Биз Атамбаевдин бизге таккан айыптарына таң калып жатабыз, анын сөзү боюнча биз «Элдик парламенттин» бир бөлүгү экенбиз жана азыркы Кыргыз Республикасынын бийлигине каршы күч колдонууга даярданып жаткан имишпиз. Ал укук коргоочулардын жана журналисттердин статустары тууралу унутуп калса керек, биз бийликтин да, оппозициянын да баардык жыйындарына катышууга жана байкоо салууга акылуубуз. Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышына көмөктөшүү жана калыс байкоо жүргүзүү — бул укук коргоочулардын негизги миссиясы.
Алмаз Атамбаев да Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Эч ким, анын ичинде Атамбаев да бирөөгө далилсиз жалаа жапканга жана айыптоого акысы жок. Соттун чечими болмоюнча юридикада презумпция деген түшүнүк бар.
Урматтуу президент, биздин шашылыш билдирүүбүзгө жеке өзүңүздүн жооп беришиңизди суранабыз, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, бирөөлөргө жалаа жаппоого чакырабыз. Кыргызстандын ички-тышкы көйгөйлөрүн объективдүү изилдеп, терең анализдөөнү жана туура жыйынтык чыгарууну сизге сунуш кылабыз.
Бирөөлөргө жалаа жабууну жана каралоону токтотушуңузду талап кылабыз! Дүжүр саясат талдоочуларга, серепчилерге, журналисттерге жана атайын кызматтын кызматкерлерине шыкак болбоңуз.
Эгер дүйшөмбү күнгө чейин биз тууралу айткандарыңызды жокко чыгарбасаңыз биз сизди сотко берүүгө даярбыз!»- деп айтылат билдирүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, Атамбаев кечээ, 14-майда Энелер күнүнө карата чыгып сүйлөп, 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүн сындап, мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланарын эскерткен. «Өлкө элинин эмес, өз айылынан керектүү добуш алууга көзү жетпегендер бүгүн бийликти күч менен басып алууну көздөп жатышат. Мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланат. Антпесе булар эсирип кетишти. Буларды абак аябай сагынып, күтүп жатат. “Элдик парламенттин” форумунда кимдер гана болгон жок. Талгарбеков баш болгон акаевчилер, Калматов баш болгон бакиевчилер, Мотуев баш болгон “игилчилер” жана грантка келген акчаларын актап жаткан Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова баштаган бейөкмөтчүлөр катышты. Ал жерде “Элдик парламентпиз” дегендер артыбызда чет өлкөлүк жашыруун кызматтардын генералдары, полковниктери турат деп, алардан акча келгенине өз ара мактанып атышат. Булардын аты бирөө эле – чыккынчылар. Өз мекенинин саткындары», — деп ызырынган.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: