Бүгүн, 20-мартта таңкы саат 06:49 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок деп билдирди ӨКМнын маалымат кызматы.
Сейсмология институтунун берген маалыматында таңкы саат 06:49да өлкө аймагында очогу 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай, Туура-Суу, Кажы-Саз айылдарында 5 балл, Бөкөнбаев, Тосор, Төрт-Күл, Тамга, Темир-Канат, Тоң, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4 балл жана Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Комсомол, Дөң-Талаа, Кара-Коо, Кызыл-Туу, Ала-Баш, Бар-Булак, Чоң-Жаргылчак, Барскоондо 3 баллга жеткен.
Жер титрөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ