Menu

Өзбекстанда таасирлүү прокурор үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министрлигинин кеңешчиси, 68 жаштагы Мираглам Мирзаевге карата кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ал өлкөдө “Антибиотик” каймана ат менен таанымал болчу. Мирзаевдин аялды жана уулу дагы кармалды.

Өзбекстан ИИМинин аткаминерлеринин бири маалымдагандай, Мираглам Мирзияевге козголгон кылмыш ишинин алкагында, Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Абдурашид Мирзаев (Мираглам Мирзаевдин уулу) жана Ташкент шаарынын Юнусабад районунун Адвокаттар коллегиясынын жетекчиси Мухаббат Хасанова (Мираглам Мирзаевдин аялы, каймана аты – “Кардинал”) кармалды.

Мираглам Мирзаевдин кошунасы 23-февралда күч түзүмдөрүнүн кара беткапчан атайын тобу үйдөн башына кап кийгизип алып Мирзаев баш болгон бир нече кишини алып кеткенин көргөн.

Алар мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышкан.

Мираглам Мирзаев мурдагы бийлик тушунда Өзбекстандын прокуратура органындагы эң таасирлүү фигуралардын бири болгон. Ал былтыр февралда президент Шавкат Мирзиёев ИИМ жана прокуратура кызматкерлерин сындагандан кийин иштен алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: