Menu

Равшан Жээнбеков: Милиция/полиция реформасын мен кантип жасаар элем. Чыныгы реформа кандай болот?

Бөлүшүү:

Россиянын, аябагандай чоң PR менен, милициясын полиция атаганына, жаңылбасам 6-7 жылдай болду. Полиция болгону менен адилеттүү, профессионалдуу, сылык болуп калган жок. Мурдагыдай эле тас кейпинде. Кылмыштуулуктун бетин ачуу, мыйзамдын үстөмдүгү, коррупция боюнча эл аралык көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстан менен бирдей эле деңгээлде турат. Албетте, арткы орундарда!

Өкмөттүн милицияны полиция кылуу идеясы, эгерде маанилүү системалуу жана структуралык реформалар менен коштолбосо, өлкөнү бюджеттик чыгымдарга жана дагы бир жолу, коомдун, эл аралык уюмдардын алдында ишеничтин жоголушуна гана алып келет.

Менин оюмча, милицияны эффективдүү органга айлантуу үчүн, биринчи кезекте, милициядан мурда, кандай системалык өзгөрүүлөрдү жасоо керек:

– сот реформасы (милиция/полициянын ишинин мыйзамдуулугу сотто гана аныкталат) Сот адилеттүү болбосо, сотко эл ишенбесе, полиция болуудан, керек болсо милицияны маанилүү өзгөртүүдөн, эч нерсе өзгөрбөйт.

– жергиликтүү бийликтин күчтөнүшү/реформасы. Мэрлерди, а/өкмөттөрдү, губернатор кызматы жоюлбаса, аларды, эл тарабынан шайлоо. Милиция/полиция өтө борборлошкон болбошу керек. Себеби бул аябай чоң күч. Бийлик борборлошкон полицияны монополизация жасап алууга кызыктар болот.

– генералдык прокуратура реформасы. Милициянын үстүнөн надзор жүргүзгөн, контролдогон уюм, азыркы жөндөмсүз жана коррупциялашкан деңгээли менен, полицияны кайра эле милиция кылып коет.

– милиция/полиция реформасына кетчү каражатты которо турган донор табуу. Аябагандай чоң каражат талап кылынат. Менин болжолум менен реформанын баасы 300 млн. доллардын терегинде. Инфраструктура, кийим кече, техника, айлык акыны көтөрүү, кадрларды кайра окутуу, маселелерин мамлекеттин бюджети көтөрө албайт. Адатта, милиция реформасын Америка, Европа, Япония гана колдойт. Биздин бийликтин стратегиялык өнөгү – Кремль, реформаларды колдобойт!

– ИИМ жетекчилигине граждандык адамдын барышы. Мүмкүн ички иштер министрлигине, оптимизация, кыскартуу максатында, дагы башка көптөгөн министрликтерди, кызматтарды киргизүүгө туура келет. Полиция, министрликтин бир бөлүгү гана болуп калат.

– граждандык коомдун контролу. Полиция коомго ачык болушу керек, коом полициянын жаман ишине баа берүүсү маанилүү.

Кандай структуралык өзгөрүүлөр зарыл:

– милиция экиге бөлүнөт. Борбордук жана муниципалдык. Экөөнүн укуктары жана милдеттери мыйзам менен жөнгө салынат. Жергиликтүү полиция башчысы, айылдын жана шаардын деңгээлинде, эл тарабынан шайланат.

– милициядан тергөө алынат. Өз алдынча Тергөө комитети түзүлөт.

– борбордук полиция Ички иштер министрлигинин структурасына кирет.

Эгер ушул реформалар жасалбаса, милиция болобу, полиция болобу айырмасы жок. Мурдагыдай эле коррупциялашкан, жөндөмсүз, саясий инструмент катары кала берет.

Равшан Жээнбеков, саясатчы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: