Кечээ, 9-ноябрда Бишкек шаарында Ж. Абдырахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканалардын биринде сатуучунун уюлдук телефонун уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматынан билдирди.
Телефонун уурдаткан сатуучу Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Аталган фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин алкагында аталган кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.О аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
https://youtu.be/L8kjpfU4EBg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ