Menu

Туйгуналы Абдраимов менен Алмаз Атамбаев Дубайда эмнеге жашыруун жолугушту?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмаз Атамбаев 28-январдан 5-февралга чейин Дубайда күнгө кактанып, эс алып келгени жамы журтка белгилүү. Ушул бир жумалык эс алуу учурунда да Чүй облусунун “губернатору” Туйгуналы Абдраимов эки күнгө Атамбаевдин алдына учуп барып келгенин биздин жеке булактар кабарлады.

Абдраимов Чүйдүн “губернатору” болсо эмнеге Атамбаев Дубайга кеткиче же бир жума чыдай туруп, ал келгенден кийин экс-президенттин Кой-Таштагы хан сарайына эле барган жок деген суроо дароо жаралат. Көп жылдар достошуп жүргөн Абдраимов менен Атамбаев акыркы жылдарда бири-бири менен саламдашпай да, катташпай да калганы белгилүү. Биздин булактар билдиргендей, Абдраимов өзүнүн Дубайга жасаган сапарынын максатын бийлик менен макулдашпаган.

Дубайда Атамбаевге жолуккан Абдраимов “Абал оорлоп баратат, сен камалып кетишиң мүмкүн, мен эски дос катары сени президент Жээнбеков менен элдештирип койгону келдим. Президентке мен бул максатымды айта элекмин, эгер сен макул болсоң мен аракет кылайын. Сен Дубайдан кайткынча мен Сооронбай Шарипович менен тил табышканга  бардык күчүмдү жумшайм. Бирок, президентке эч кандай шарт койбой гана сүйлөшө алабыз. Сенин камалып жаткан досторуңду чыгарып бер деген сыяктуу шарттар өтпөйт. Жалгыз гана сени, эч кандай шарты жок элдештире алам”, деп айтат.

Бирок, Атамбаев “Туйгуналы Абдраимовду бийлик менден коркуп, элдешкиси келип, атайын жөнөттү” деп түшүнүп, эски Туй досун адатынча ашата сөгүп, сөзгө келбей артка кайтарат. Алтургай Бишкектеги жан-жөкөрлөрүнө телефон чалып, “жазга даярдыкты тездеткиле, согушабыз!” деп буйрук берет.

Ошентип, Президент Жээнбеков менен экс-президент Атамбаевге ортомчу болуп, жараштырып, упай топтойм деген айтылуу Абдраимов “артык кылам деп, тыртык кылып алып”, маанайы суз Дубайдан Бишкекке кайтат. Атамбаевге барганда өз статусун анын алдында дагы жогору көтөрүш үчүн “бийликтин тапшырмасы менен келдим” деп койгонбу, айтор досу муну “бийлик менден коркуп атат” деп түшүнүп, “от” алып кетиптир.

Бийликтин болсо Атамбаевден корко турган түрү жок. “Эки дөө урушса ортосунда чымын өлөт” дегендей болбой, айрымдар этият болушса.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: