Menu

Эрмек Маркабаев, “Сары-Өзөн Дыйкан” базарынын башкы директору: “Биздин базар өлкөдөгү эң арзан базар”

Бөлүшүү:

Мурдагы жашылча-жемиш саткан Дыйкан базары жабылып, ал жактагы соодагерлер жаңы ачылган “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарына көчүшкөн. Аталган соода жайынын абалы тууралуу башкы директору Маркабаев Эрмек Карасаевичке суроо узаттык.

Базар качан курулуп баштаган, идея кимге таандык?

-Базардын жалпы аянты кичинеден кошуп отуруп 20 га жетти, курулуш иштери 2011-жылы башталган, азыркы күндө биздин базар аты айтып тургандай эле дыйкандар үчүн курулган. Мурунку базарга салыштырмалуу биринчиден кеңдиги, ошондой эле мурда бир гана жерден чыгуу дарбазасы болсо азыр базарга беш жерден кирип чыга турган дарбазалар бар. Кошумча дагы эки жерден эшик ачып жатабыз. Ар бир сатуучуга атайын шарты менен орундар берилген. Мурда бир павилиондо төрттөн соодагер отурса, азыр ар бири бирден павилиондо отурат. Азыркы күндө сатуучулардан эч кандай ээлеп турган орду үчүн акча ала элекпиз, анткени үч ай отурукташып алганча арендага бир да тыйын чогултулган жок, бирок таштандыны төгүп, тазалоо үчүн кирип келе жатканда жыйырма сомдон чогултабыз. Ал эми тазалыкка келсе, бир аз маселелер бар, аянт чоң болгондуктан тазалоого жумушчулар токтобой жатат. Ар бир соодагер таза-тыкан иштесе деп эскертип кетким келет. Бирок бул маселе бир жуманын ары-берисинде чечилип калат Кудай буюрса.

-Мамлекеттин ички-сырткы саясатынын негизин базар экономикасы түзөөрүн билебиз, мамлекет тараптан силерге кандай колдоо көрсөтүлүүдө?

-Негизи базар жеке менчик болгондуктан алдыда аткарчу көп иштер бар. Биздин максат карапайым элди иш менен камсыз кылуу, ошол эле учурда товардын арзан баасын элге сунуштоо богондуктан, мамлекет тарабынан моралдык гана жардам көрсөтүлүүдө. Азыр ортомчулардын көптүгүнөн карапайым элге товар кымбат баада кетүүдө, биз алардын санын кескин түрдө кыскартуудабыз, бул эл үчүн чоң роль ойнойт.

-Базар чет жердик ишканалар менен да иш алып барабы?

-Ооба, жакынкы күндө мунун баарын пландоодобуз. Жакында эле Санк-Петербургдагы эң чоң цитрус ташуучу порт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер ишке ашып калса буюрса түз цитрус жемиштери базарга келип арзан баада түшөт.

-Азыркы күндө базар канча адамды иш орду, менен камсыз кылды?

-Бизде социалдык катмар деген бар, буларга пенционер, ардагерлер, майыптар үчүн атайын бекер, аренда төлөбөстөн өз ишин өткөрсүн деп жер бөлүп берүүдөбүз. Ал эми жумуш ордун санай кетсем администрацияда эле 35 кароолчу, 28 дарбазачы (дворник) жана 14 текшерүүчү (контролёрлор) андан сырткары 284 араба бар. Бул азырынча гана, ал эми келечекте дагы бир топ иштер көп аткарыла турчу.

-Дыйкан базарынан келген соодагерлер кандай пикирлерин калтырышууда?

-Мурда соода кылып жүргөндөр ыраазычылык эле билдирип жатышат, анткени бул жакта шарт жакшы түзүлгөн. “Дордой моторско” кетип калгандардын кээси кайра келип жатышат. Биринчиден кардарларга ылайыктуу, анткени башка базарга салыштырмалуу биздики он эсе арзан, өлкөбүздөгү эң арзан базар деп айтсам да жаңылышпайм. Экинчиден бардык шарты бар, ыңгайлуу жер болсо ошончо кардар көп келет, алардын келгени сатуучулар үчүн эң маанилүү.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: