ТЭЦтеги аварияны, андагы 386 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтеген депутаттык комиссия модернизацияга түз да, кыйыр да тиешеси бар чиновниктерди жыйынга чакырып, баш терилерин байкоодо. Кечээки жыйынга экс-премьер-министр Темир Сариев, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов, Эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чакырылды.
Ал эми мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билгениңерди кылгыла дегендей, келбей койду. Кызыгы, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо келишимине кол койгон дал ушул Сатыбалдиев болгон. Бирок «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп», депутаттык комиссияны бучкагына теңебей отурат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ