87 жаш курагында “Asia MIX командасынан Элдияр жана Эрмек Кененсаровдордун чоң энеси Какен Кененсарова көз жумду.
Кененсарова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында жашаган. Ал 29-сентябрда дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 1-октябрда болот.
Какен Кененсарова райондо алгачкылардан болуп ырчы айымдардан болгон. Ал жолдошу менен 50 жыл жашап, 9 баланы тарбиялаган. Анын жолдошу шахтада 42 жыл иштеген.
Кененсарованын өзүнө таандык бир катар чыгармалары бар. Жаш кезинде ал эл алдына чыгып сүйлөгөндөн уялып, өтүнүчтөрдөн кийин гана сүйлөп жүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ