Саясый күчтөрдүн баары 31-мартта өтө турган КСДПнын курултайына кулактарын түрүп турушат. Кайрадан төрага катары шайланып аткан Алмазбек Атамбаевдин эмне айтарына ынтызар болгондор арбын. Албетте, бул жыйында экс-президент адатынча «жарылып», Кыргызстандагы саясый процесстер боюнча сөзсүз үн катат.
Айрым ЖМКларда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков курултайда Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарары боюнча жазылып, бирок, мындай кадам биздин мыйзамдарга карiы келе турганы да эскертилген. Ооба, президент партиялардын иш-чараларына катышуусуна Конституция жол бербейт. Андыктан, биздин жеке маалымат булактарыбыз кабарлагандай, КСДПнын курултайына Сооронбай Жээнбеков да, аппарат башчысы Мухамметкалый Абулгазиев даuы барбай турганы маалымдалды.
Эске сала кетсек, бута чейин саясый чөйрөдө дал ушул «тема» кызуу талкууланып аткан. Натыйжада, Жээнбековдун мыйзамды сыйлаган кадамынан кийин аркы жээктин реакциясы кандай болоор экен?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ