Menu

Мамбет Мамакеев: “Тунгуч президентибиздин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти”

Бөлүшүү:

Мамбет Мамакеев: “Тунгуч президентибиздин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти”

-Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин эркин кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө эмгеги зор. Олуттуу бир пикирди эске сала кетейин. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын 50 жылдык мааракесине (1993-ж.) КМШ өлкөлөрүнүн ири окумуштуулары келишкен. Украина илимдер академиясынын президенти, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Борис Патон ошондо мага айтты эле: «Мен көптөгөн мамлекеттердин президенттери менен жолуккам, баарлашкам. Албетте, алар чыгаан инсандар. Бирок кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаев өзүнүн жогорку интеллекти, кенен ой жүгүртүүсү, көрөгөчтүгү менен айырмаланып турат. Оор мезгилде ушундай лидерди тандап алган кыргыз эли бактылуу» деп. Легендарлуу академик мындай бааны жөн жерден бербесе керек. Өзүм ишиме байланыштуу ар айда ондогон, жүздөгөн адамдар менен сүйлөшөм. Көбү региондордон келишкен бейтап кишилер. Кокустан жогорку бийлик жөнүндө сөз болсо, алардын токсон пайыздан ашыгы Аскар Акаевди жактыра турганын байкадым. Элибиз анын эмгегин унутпайт, баалашат. Албетте, Акаев да кемчиликтерди кетирди. Ким кемчилик кетирбейт? Бирок аларды көбүртүп-жабыртып, далай нерсени ушак деңгээлине көтөрүп, алигиче каралап жүргөндөр бар. Тилекке жараша, алар өтө эле аз. Аскар Акаевдин бийликти бир тамчы кан төктүрбөй өткөрүп бөргенине жакында он беш жыл толот. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы, элди ынтымакка, биримдикке багыттаган саясатынын алкагында өлкөнүн тунгуч президентинин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти. Аскар Акаевди 75 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм жана ага жакшылык каалайм.

Кайыргүл Сартбаева, СССРдин эл артисти: «Кылымдарды карыткан кыргыз элинин улуттук маданиятын өнүктүрүүгө жасаган зор эмгегиңиз баа жеткис»

– Урматтуу Аскар Акаевич! Сизди кыргыз опера жана балет театрынын жамаатынын көпч-лүк кызматкерлеринин атынан, өзүмдүн атыман 75 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Сиздин эгемендүү Кыргыз Республикасына, өзгөчө кылымдарды карыткан кыргыз элинин улуттук маданиятын өнүктүрүүгө жасаган зор эмгегиңизге баа жеткис. Ар бир эл улуттук маданияты, каада-салты, үрп-адаты менен өсүп өнөт, тарыхта жалпы адамзатка таанылат. Сиз колдоого алып, дүйнөгө таанымал маданияттын окуу жайларында окутуп, тарбия берип өстүргөн жаш искусство адистери бүгүнкү күндө өлкөбүздү дүйнө жүзүнө тааныткан чеберлер болуп калышты. Сизге ден-соолук, үй-бүлөңүзгө бакубат турмушту каалайбыз! Буюрса элиңизге келип, жүз көрүшүп, колуңузду кысабыз деген тилектебиз.

Дарика Жалгасынова, Кыргыз Республикасынын эл артисти: «Аскар Акаев 75 жаш курагында да илимдин бийик чокуларын багынтып жатат»

– СССР жоюлгандан кийин эгемендүү кыргыз мамлекетин түзүү, өлкөдө жаңы типтеги саясий-экономикалык, социалдык, маданият маселелерин чечүү Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин ысмы менен байланыштуу. Анын чечкиндүүлүгүнүн, көрөгөчтүгүнүн жана көз карандысыз Кыргызстандын, кыргыз калкынын кызыкчылыгы үчүн зор кыйынчылыктар менен жүргүзгөн иш-аракетинин жыйынтыгын бүгүн элибиз сезип, көрүп-билип турат. Акаевдин демилгеси менен өткөрүлгөн Манас эпосунун 1000 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Бүткүл дүйнөлүк тоо саммити жана башка ири иш-чаралар элибизди дүйнө жүзүнө таанытты. Өлкөбүздө көптөгөн композитор, эстрада, опера, балет артисттери, кыргыздын улуттук өнөрпоздору өсүп чыгып, Ала-Тоону даңазалашты. Аскар Акаев 75 жаш курагында да талыкпастан эмгектенип, илимдин бийик чокуларын багынтып жатат. Юбилярга ден-соолук, албан ийгиликтерди каалайм!

Эртабылды Шамилов, жогорку аксакалдар кеңешинин жана кыргыз диаспораларынын мүчөсү: “Кыргызстанды дүйнөгө биринчи Айтматов таанытса, окумуштуу катары Акаев таанытты”

– Аскар Акаев кыргыз мамлекети үчүн жана мамлекеттин түптөлүшү үчүн эбегейсиз чоң эмгектерди жасаган инсан. Ким эмне десе да, тарыхта ал тунгуч президент деген эч ким өчүрө алгыс жакшы ат менен калат. Айтайын дегеним, Кыргыз республикасынын биринчи Конституциясы жана мамлекет үчүн кабыл алыныш керек деген символдордун баары Аскар Акаевичтин тушунда кабыл алынган. Ошондой эле дүйнөнү дүңгүрөткөн “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы жана Ош шаарынын 3000 жылдыгы, кыргыздардын биринчи дүйнөлүк курултайы да Аскар Акаев президент болгон тушта болгон. Кыскасы, тарыхта кала турган улуу иштердин башында Акаев өзү турган. Аскар Акаев таланттуу жана билимдүү адам болгон  үчүн анын акылы, мүмкүнчүлүгү, илимге кошкон салымы азыр да бааланат. Кыргызстанды дүйнөгө биринчи Айтматов таанытса, андан кийин улуу окумуштуу катары Акаев таанытты. Мына ушундай тажрыйбасы мол, илимпоз адамдын акылын, мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын өнүгүшүнө пайдаланып, Кыргызстанга келишине шарт түзөлү дегендердин катарындамын. Анткени, Кыргызстан бүгүн Акаевдей билимдүү, илимдүү жана тажрыйбасы мол адамга муктаж. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Аскар Акаевди туулган күнү менен куттуктайм.

Медербек Абдуллаев, Москва жергесиндеги аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Кыргызстан Аскар Акаевге окшогон нассатчыга муктаж”

– Бүгүн кыргыз эл, кыргыз мамлекети илимге сугарылган, тажрыйбасы мол Аскар Акаевге окшогон насаатчыга муктаж экени чындык. Биз мамлекеттин келечегин ойлосок, акылы тетик, кайталангыс инсан, дүйнөлүк илимпоздордун алдыңкы сабында турган Аскар Акаевдин өз мекенине келишине жол ачышыбыз керек. Бийлик ар кайсыны шылтоо кылбай тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушуна шарт түзүшү керек. Анткени, Аскар Акаевге башка президенттердей болуп кылмыш иши ачылган эмес. Ошол жагын эске алып, бийлик төбөлдөрүнөн Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишин эртелетип беришин суранабыз. Биздин демилгени эске алат деген ойдобуз. Ошондой эле Аскар Акаевичтин туулган күнү менен куттуктайбыз.

Эрланбек Токтосунов, адвокат, Москва шаары: “Кыргызстан бүгүн Акаевдин акылына суусап турат”

– Аскар Акаев Кыргыз Республикасы эгемендикти алган жылдары өтө татаал мезгилде президент болгон. Бир топ мактоого татыган, сыймыктана турган мыкты иштерди жасаган адам. Ал Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон жагдайга кабылса да, башка мамлекеттерде анын акылын, тажрыйбасын, илимге кошкон салымын эске алышат. Башкача айтканда, Акаев бүгүн дүйнөлүк масштабдагы илимпоздордун катарын толуктайт. Тактап айтканда, ООНдогу окумуштуулардын катарын толуктаган, урмат-сыйга татыган инсан. Мындай адамга кыргыз эли муктаж. Акаевдин акылын, тажрыйбасын, илим жаатындагы жетишкендиктерин Кыргызстандын өнүгүшү үчүн пайдаланышыбыз керек. Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, пайдасын гана көрөбүз зыянын тартпайбыз. Анткени, Акаев көптү көрдү. Мигранттарга да көп колдоо көрсөттү. Азыр да анын сөзүн эки кылбаган президенттер бар. Маселен, мигранттарга кош жарандуулук маселеси Акаевдин демилгеси менен берилип, көп мигранттардын ажаатын ачкан. Мактоого арзыган иштердин башында турган Аскар Акаевди Кыргыз республикасына келсин деген демилгебиз иш жүзүнө ашышы керек. Анткени, Кыргызстан бүгүн Акаевдин акылына суусап турат.

Назира Жумагулова, Тимирязев атындагы Москва мамлекеттик агрардык университеттин доценти: “Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши, мамлекет үчүн утуш болот”

– Аскар Акаевдин кыргыз мамлекетине кылган эмгеги зор. Ал президент кезинде улуттук валютаны киргизди. Экономиканы жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду. Герб, туу, улуттук валютаны кабыл алдырып, мамлекетибиздин калыптанышына зор салымын кошту. Орто Азияда демократиянын аралчасын түздү. Чоң мамлекеттер эми мүчө болуп жаткан дүйнөлүк уюмдарга Кыргызстан жаңы мамлекет болуп калыптана баштаганда эле кошту. Кыскасы, Аскар Акаев кыргыз мамлекетинин мамлекет катары калыптанышы, түптөлүшү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн, күчүн жумшады. Анын мамлекет башчы болгону Кыргызстанды дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер мамлекет катары таанышына шарт түздү. Аны улуу окумуштуу катары тааныган мамлекеттер Кыргызстанга өзгөчө маани беришти. Өнүп, өсүшүбүзгө жардам беришти. Аскар Акаевичтин акылы тетик, урмат-сыйга татыктуу инсан болгону үчүн акылын, тажрыйбасы азыр да баалагандар, пайдалангандар бар. Биз да Аскар Акаевди өз мамлекетине келишине, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошушуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп ойлойм. Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши, мамлекет үчүн гана утуш болот деп ойлойм.

Турсумбай Кубатбеков, биология илимдеринин доктору, Тимирязев атындагы академиянын профессору: «Тунгуч президент деген статус менен Кыргызстанга чакырууну сунуштайм»

– Жөнөкөйлүктүн, адамгерчиликтин үлгүсүн алып жүргөн, илимпоз, мыкты жетекчи, дасыккан адис, тажрыйбасы мол инсан Аскар Акаевди өз эли-жерине келишине уруксат беришин жогорку жактан суранат элем. Ага болгон тоскоолдуктарды жоюп, урмат-сый менен мамиле кылып, тунгуч президент деген статус менен Кыргызстанга чакырып алууну сунуштайт элем. Элди кечиримдүү жана айкөл болууга чакырат элем. Аскар Акаев да бир мезгилде Кыргыздын журт башчысы, эң жөнөкөй мамлекет башчысы болгон. Улуттук баш кийимди башынан түшүрбөй, кыргызды дүйнөгө таанытууга чоң салым кошкон. Акылы менен көп нерсени багындырган, мыкты дипломат болгон. Мына ушул асыл сапаттарын, эбегейсиз эмгегин эске ала турган түшүнүү менен мамиле жасай турган мезгил келди. Убакытты уттурбай тунгуч президентибиздин Кыргызстанга келишине уруксат берели.

Алтынбек Акжол уулу, Тюмень индустриялык университетиндеги резервдеги инженер мектебинин жетекчиси: “Аскар Акаев менен илимий багытта сүйлөшүүнүн өзү бакыт”

– Мен илимге кызыккан адам катары Аскар Акаев жазган китептерди көп окудум. Ал тургай таасирлендим. Кечээ жакында колума тийген китептеги эпизодду окуп, аны турмушумда пайдалана баштадым. Студент кезинде эле адамдарга кол суна билген, башкалардын муктаждыгын өзүнүн муктаждыгынан жогору койгонуна баа бердим. Аскар Акаевдин студент мезгилинде кожа курткасын сатып, каражатка муктаж болуп жаткан мекендештерине жардам бергени мага турмуштук сабак болду. Кыскасы, адам болуп калыптанышыма Акаевдин таасири тийди. Башкача айтканда, Аскар Акаев менен болгон жолугушуу менин жашоомду башка нукка бурду. Мага шык, дем берди. Илимге болгон кызыгуумду ого бетер арттырды. Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин кандидаттык диссертациясын жактаган илимий иши докторлук илимий ишке тете болгону ага болгон сыйымды ого бетер арттырды. Аскар Акаевич менен илимий багытта сүйлөшүүнүн өзү бакыт экенин билдим. Менин жердештерим да биринчи президентибиздин ушундай асыл сапаттарга бай адам экенин жакындан билишин каалайм. Анын Кыргызстанга барышын каалайм жана колдойм. Анткени, анын мол тажрыйбасы бүгүн Кыргызстанга керек деп ойлойм. Себеби, Акаев кыйчалыш мезгилде туура кеңеш бере алган асыл сапатка ээ. Ал тургай иштөөгө дем да, күч да, стимул да берген касиети бар. Анын мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушуна чын дилден тилектешмин. Ошондой эле кутман курагы менен чын дилимден куттуктайм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: