Түркмөнстандын Мары облусунда улгайган ата-энелерин, туугандарын Мургап районундагы карылар үйүнө, ал эми майып балдарын Мары жана Байрамали шаарларындагы жатаканаларга жөнөткөн үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүүдө.
RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, буга өлкөдөгү экономикалык каатчылыктын тийгизген таасири чоң.
Маалыматка караганда, майып кишилердин пенсиясы 400 манатты түзөт. Расмий курс боюнча бул – 114 доллар, көмүскө базардагы курс боюнча болгону 14,2 доллар. Мамлекеттик жөлөк пулдун минималдуу өлчөмү 322 манат, расмий курс боюнча бул – 92 доллар, көмүскө базардагы нарк менен алганда 11,5 доллар.
Декабрда эттин килограммы 80 манат, суу май 40 манат, бир кап ун 600 манатты түздү. Бөйрөк жетишсиздигине каршы дары 200 манат, астмага каршы спрей 250 манат турат. Антибиотиктердин баасы 100 манаттан башталат.
Түркмөнстанда 2015-жылдан бери доллардын расмий курсу өзгөрбөй, 3,5 манат бойдон турат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ